www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш өзүнө гана пайдалуу болгон дүйнөлүк тартипти сактоого умтулуп жатат. Бул тууралуу Орусия лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.
Президент эл аралык мамилелер системасында тектоникалык өзгөрүүлөр жүргөндүгүн, Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин ролу чоңойгондугун белгиледи.
"Буга карабай батыш өлкөлөрү мурдагы, аларга гана пайдалуу болгон дүйнөлүк тартипти сактоо, башкаларды өздөрү ойлоп чыккан чуулгандуу эрежелерине баш ийдирүүгө умтулуп жатышат. Анткен менен алар тартипти бузуп, эрежелерди өздөрүнө пайдалуу кылып өзгөртүп алганга аракет жасап келишет", — деген Путин.
Анын айтымына караганда, Батыштын башка өлкөлөрдүн тартибине көнбөй, моюн толгошу батыш элиталарынын өзүнөн чыгып, саясий жана экономикалык багыттагы алысты көрө албаган, авантюралык чечимдерди кабыл алууга түртүп жатат.
"Бул чечимдер ошол эле батыш мамлекеттеринин жарандарынын, элдеринин кызыкчылыктарына каршы келип жатат", — деген Путин.
Булак: NazarNews.kg