www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин:

Батыштын биринчи планы Орусия коомчулугун бөлүп-жаруу жана Орусиянын талкалоо, бирок бул алардын колунан келбей жатат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Башкы прокуратуранын кеңейтилген кеңешмесинде сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Бизди таң калтырган нерсе — Европа жана АКШдагы жогорку рангадагы дипломаттар өздөрүнүн украиналык сателлиттерин согуш талаасында жеңишти камсыздоо үчүн болгон күч-кубатын пайдаланууга чакырып келишет. Кызыктай болгон мындай дипломатия биздин АКШ жана Европадагы өнөктөштөрүбүздө гана бар.

Анткен менен муну жасоого мүмкүн болбогондугун сезишкенден кийин биринчи планга башка милдет, тагыраагы, Орусия коомчулугун бөлүп-жаруу менен Орусияны ичинен талкалоо милдетин алышты. Бирок бул жерде да үзгүлтүк болуп, анысы аткарылбай жатат", — деген Путин.

Орусия президенти коомчулуктун Донбасс боюнча кадамын төмөнкүчө сүрөттөгөн.

"Биздин коомчулук кыраакылыгын, биримдигин көрсөтүүдө. Куралдуу күчтөрүбүздү колдоп, Орусиянын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштерге жана Донбасста жашаган жарандарга тилектештигин билдирүүдө", — деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости