www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Белес.kg" компаниясынын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Мэр аталган компания бир автобустун баасын 185 миң еврого баалаганын айтып, мерия заказ кылчу 500 автобусту бир жылдын ичинде даярдап берерин билдирген.

"Бирок бишкектиктер анча күтө алышпайт. Ооба, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо керек. Бирок автобус араба эмес. Биз өзүнүн мыктылыгын далилдеген автобустарды алышыбыз керек. Автобус чыгаруучу заводдор дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн жүздөгөн жылдар керек. "Белес" автобустарынын азырынча сертификаты жок", — деди ал.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров аталган ишканага барып 10 троллейбус жана 10 автобус заказ кылган. Ал жаңы техниканы сыноодон өткөрүү тапшырмасын берген. Белес.kg ишканасы SAE (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодуна ээ болгон. Бул нерсе өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости