www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отуз жылдан бери «экономиканы көтөрсөк эле өлкө оңолот!» деген ураан менен жашап, бирок, оңолгон жокпуз же КР мамлекеттик катчысына караштуу маалымат технологиялары башкармалыгын ачуунун зарылдыгы...

Отуз жыл ичинде, «экономиканы көтөрсөк эле өлкө оңолот!» деген ураан менен жашап келдик. Бирок, канча кыйкырсак да мамлекеттин экономикасын көтөрө алган жокпуз. Себеби эмнеде???

Себеби, элдин аң-сезими, дүйнөгө, жашоого болгон көз карашы, пейили оңолмоюнча, улуттук биримдикке келип, бир акылга келмейинче, бир багыттуу иделология болмоюнча, табылган байлык максаттуу пайдаланылбай, жемкорлук, уурдоо, талап-тоноо көбөйүп, башалмандык өкум сүрүп, мамлекет калагы жок кайыктай шамал урган тарапка кайсы тарапка кетип жатканы белгисиз сүзүп кете берет.

Биз эмне үчун оңолбойбуз?

Себеби бизде ар намыска, мекенчилдикке, нысаптуулукка чакырган, элди бир муштумга бириктирген улуттук-мамлекеттик идеология жок. Азыркы учурдагы улуттук идеологияга негизделген аракеттер, жазган жазуулар чачылып, бир бүтүндүккө ээ эмес...

Улуттук идеологияны жалпы элге таратуучу, жайылтуучу, агартуучу, тарбиялоочу, бир ойго,бир максатка алып келүүчү каражаттар – бул акын-жазуучулардын чыгармалары, журналисттердин макалалары, радио-теледе сүйлөгөн сөздөр, интернет айдыңындагы маалыматтар, сүрөтчүлөрдүн тарткан картиналары, обончулардын, композиторлордун добуштары, киночулардын тарткан тасмалары бир идеяда – улуттук-мекенчилдик идеяда болсо анда улутту ойготуп, ойлондуруп бай-кедейин бир идеяга алып келип, бар болгон байлыкты кайсы тарапка жумшай тургандыгына жол ачып, напсисин тыйып, мээсин ишьетип, көзун ачып, намысына келтирип, уяттуу сезимин ойготуп, өлкөнү руханий-материалдык, экономикалык кризистен алып чыгууга эшик ачат!

Бизде улуттук-мамлекеттик идеология жок эсебинде болгондуктан баары аралашып, ар ким өз деңгээлине – алган билимине, турмуштук тажрыйбасына, мээсинин иштегенине же иштебегенине, алысты болжоп көрө алгандыгына же тумшугунан наркыны көрө албаганына карабай көргөн-билгенин айтып, ашкере саясаттташып ызы-чуу болуп, айрым чет элдиктердин саясий жана диний экспансиясын айрып биле албай, ынтымагы кетип, өз ара эрегишкен, душмандашкан, бирин бири түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген хаос жаралып, карапайым эл кимге ишенерин, кимдин этегин кармаарды билбей, башы айланып көк мээ койдой тегеренген кооптуу абалга келдик.

Айрымдар жактырбаган совет маалында мамлекеттик идеология катуу жүрүп, акын-жазуучулар, мугалимдер илимпоздор, журналисттер, киночулар, сүрөтчүлөр, обончу композиторлор ж.б. саясий-агартуу майданындагы кызматкерлер эл арасында агартуу, түшүндүрүү, ынандыруу иштерин өз тармактары боюнча жүргүзүшүп, элди бир максатка, бир багытка бурушуп, өнүгүп-өсүүгө, ырыс-ынтымактын чыңдалышына чечүүчү салым кошушкандыгын көбу жакшы билет...

Отуз жыл ичиндеги ушундай башаламан алашемдиктерди жөнгө салууга ылайыкташкан Кыргыз Республикасынын Мамлекет катчысы институту киргизилгендиги Президент С.Н. Жапаровдун өлкөбүздү руханий-экономикалык оор кырдаалдан алып чыгууга жасаган аракетинин биринчи теппкичи болду. Бул кубанарлык көрунүш!

Эми мамлекетти руханий-саясий жана экономикалык кризистен алып чыгуу үчүн жалпы элди бир багытка тарбиялоонун, агартуунун, бир баш кылып улуттук-мамлекеттик идеологиянын жаратып, аны массага реализациялоонун экинчи тепкичи бул – КР Мамлекеттик катчысына караштуу жалпы масса-эл менен ыкчам жана кеңири масштабда иштешүү үчүн Маалымат технологиялары Башкармалыгын (жазуучулар, журналисттер, композиторлор, киночулар, сүрөтчүлөр, архитекторлор, чыгармачыл жана түрдүү коомдук уюмдар ж.б. иштеше турган) ачуу учур талабы!

Аталган Маалымат технологиялары Башкармалыгы бир кездеги пропаганда-агитация бөлүмүнүн ролун аткарып, эл арасында улуттук-мамлекеттик идеологияны ар багытта жургүзүү, элди бир багытка буруп агартуу менен катар эле КР ЖКда кабыл алынып, КР Президенти кол койгон Мыйзамдарды, Жарлыктарды, Буйруктарды ж.б. иш чараларды жалпы массага тез кабарлап, калын элди ойготууга, бир пикирге келүүгө, башаламандыктан чыгарып ынытымакка келтирип, бир максатка бет алуусуна локомотив болмок!..

Бул менин сунушум,

Дагы сунуш, пикирлер болсо сөгүнбөй, ачууланбай, атаандашпай, эрегишпей ар ким өз билгенин жазса, «мамлекетке пайда келеби?» деген үмүтүм бар...

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости