www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин чет өлкөдө Россиянын жарандарын коргоо үчүн куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат берген мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, мындай чечимди президент кабыл ала алат. Чет өлкөдө россиялыктар камакка алынган, кармалып турган же чет өлкөлүк соттордун чечимдери менен кылмыш же башка куугунтукка кабылган учурларда аскерлер тартылышы мүмкүн. Бул Россия юрисдикциясын тааныбаган сотторго тиешелүү.
Ошондой эле Россиянын мамлекеттик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандарды коргоо боюнча чара көрө алышат. Мыйзам долбоорун өкмөт киргизип, аны Коргоо министрлиги даярдаган. Мамлекеттик Дума документти 13-майда кабыл алган.
Думада мындай нормалар Польшада россиялык археолог Александр Бутягиндин камалышы сыяктуу окуяларды алдын алуу үчүн керек экенин түшүндүрүшкөн.