www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Улуттук госпиталдан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 58 жаштагы Уркасымов Миранбек Оморович изделүүдө.
Жакындарынын айтымында, ал киши башына жасалган операциядан кийин эс тутумун жоготкон. Ал 25-майда саат 19:00 чамасында Бишкектеги Улуттук госпиталдан чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек.
Белгилери: бою 160 см, кара тору, башында операциядан калган тырыгы бар.
Кийген кийимдери: үстүндө кочкул кызыл түстөгү футболка, көк пижама, чатыраш үй бут кийими жана боз түстөгү баш кийим болгон.
Жакындары анын кайда жүргөнү тууралуу маалыматы барларды 0708810002; 0706806060 номурларына байланышууга чакырат.