www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев камалабы?

Акыркы учурда социалдык тармактарда коомчулук бир гана эки эмес, үч тарапка бөлүнүп, өз ара айыптоолор күчөгөнү байкалууда. Бирок азырынча мындай кырдаалга “кой-ай” деп токтотуу салган таасирдүү үн чыга элек.

Чынында өлкөдөгү саясий абалды толук тынч деп айтууга эрте. Себеби коом ичинде ачык айтылбаган нааразычылыктар акырындап көбөйүп бара жатканын байкоого болот. Бийликке жакын серепчилер “баары жакшы” деген пикирди карманышы мүмкүн, бирок аймактардагы реалдуу абал андай мактоого толук жооп бербей турганын айткандар да бар.

Ошол эле учурда акыркы жылдары Кыргызстан өнүгүүнүн башка нугун тандаганы байкалууда. Инфраструктура, экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында өзгөрүүлөр болуп жатканы белгиленет. Бирок укук маселесине келгенде коомчулукта суроолор дагы эле арбын. Айрымдар мурдагы жылдары адилеттүүлүк толук сакталбай, чындык көмүскөдө калган учурлар болгонун айтып келишет.

Эл ичинде “калк айтса калп айтпайт” деген сөз бар. Ошондуктан коом азыр бийликтен адилет чечимдерди, мыйзамдуулукту жана туруктуулукту күтүп турат. Элдин негизги тилеги — өлкөдөгү абал туруктуу болуп, мындан аркы саясий кадамдар мамлекеттин өнүгүшүнө кызмат кылышы.

Азыркы тапта коомчулук арасында Камчыбек Ташиевдин мындан аркы тагдыры дагы кызуу талкууланууда. Айрымдар анын камалышы мүмкүн экенин айтып жатышса, башкалары мындай маалыматтарды жөн гана божомол катары баалашууда. Азырынча расмий маалымат жок болгондуктан, мунун баары коом ичиндеги талкуу бойдон калууда.

Последние новости