www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Владимир Путин Орусияда "коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина" каттоодон өткөнүн, кыздарынын бири эмдөөгө катышканын билдирди.
Бул маалыматты ал 11-августта өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда жарыялады. Путин вакцина эффективдүүлүгүн көрсөткөнүн жана коронавируска карата туруктуу иммунитет пайда кылууга жөндөмдүү экенин белгиледи.
"Мага маалым болгондой, бүгүн эртең менен коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина каттоодон өттү", – деди Путин.
Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан соң өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалады.
Бирок Орусия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялай элек. Батыш илимпоздору Москванын "коронавирустун алгачкы вакцинасы»"тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн санап турушат.
Орусияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги «Вектор» мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Орусиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда жапырт өндүрүш башталарын билдирген.
Орус бийлиги аталган борбордун вакцинасы эки баскычтуу сыноодон өткөнүн белгилеп жатат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин эске салган.
Булак: NazarNews.kg