www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө Донбасстан Ростов облусуна көчүп келген ар бир качкынга 10 миң рублден төлөп берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Путиндин бул чечими туурасында маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлаган.

"Муну менен катар РФтин президенти Орусия өкмөтүнө Донбасстан Ростов облусуна көчүп келген ар бир качкынга 10 миң рублден төлөп берүүнү тапшырды", — деди ал.

Буга чейин Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин бүгүндөн тарта калкты массалык түрдө Россияга эвакуациялоо уюштуруларын билдирген. Пушилин Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын кошумчалаган.

Ал эми Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чече турганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости