www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде мугалимдерге маяна берүү системасы кайра каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин ачылышында билдирди.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, Орок орто мектебинде окуучулардын саны 1000ден жогору болгондуктан окутуу беш смена менен жүргөн.

"Эки кабаттан турган мектептин жаңы имараты 500 окуучуга ылайыкталган, эми алар эки смена менен гана окушат. Бул ийримдердин жана кошумча сабактардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди министр. 

Акылбек Жапаров бул мектептин пайдаланууга берилиши менен жакын жердеги башка мектептердин да жүгү бир топ жеңилдей турганын белгиледи. 

“Билим берүү системасы олуттуу реформаларга муктаж, алдыдагы жаңылануу ишибиздин башталышы ушул болсун”, — деди Жапаров.

Ал мугалимдер менен жолугушууда 1-апрелден тарта мугалимдердин, врачтардын жана маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөрүн айтты. 

“Мектеп мугалимдеринин айлыгы көтөрүлөт. Муну менен катар мугалимдердин айлык акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик системаны да киргизели деп жатабыз. Азыр эсептөө иштери жүрүүдө. Көптөгөн мугалимдер убакыттын көбү билим берүүгө эмес, отчёт жазууга кетерин айтып даттанышты. Мындай болбойт. Мектеп — бул таланттуу мугалим менен окуучу жолуккан жер. Министрликтин жаңы жетекчилигинин алдына жакынкы аралыкта ишке ашырууга тийиш болгон көп талаптар коюлду”, — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости