www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Лукашенко Москвада шашылыш жолукту

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлеринин сайттары маалымдады.

Сүйлөшүү эки саатка созулуп, андан кийин алар биргелешкен билдирүү жасашты.

Маалым болгондой, алар коопсуздук боюнча кызматташуу темасын талкуулап, соңку биргелешкен макулдашуу кайсы бир тарапка чабуул жасоо максатында эмес, коргонуу максатында өтүп жатканын айтышты.

Путин учурда Украинанын чыгышында кырдаал курчуп жатканын белгилеп, Киевди Донбасстын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үстөлүнө олтурууга чакырды. Ал Беларус менен Орусия Батыштын санкцияларын азайтуу үчүн биргелешкен аракеттерге барарын кошумчалады.

Мунун алдында өздөрүн-өздөрү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчылары коопсуздукка байланыштуу аймактын жашоочулары Орусиянын Ростов облусуна жапырт эвакуацияланып жатканын маалымдады.

Эске салсак, 10-февралда Беларуста Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу башталган. Ал 20-февралга чейин уланары айтылган. Ага катышкан жоокерлердин жана техниканын саны айтылган жок. Орусия кошуна өлкөгө зениттик-ракета комплекстерин, истребител, башка согуш учактарын, замбирек дивизионун жөнөткөн.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Андан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Чыңалуу жыл башынан бери курчуп жатат. НАТО менен АКШ украин чек арасындагы орус аскерлеринин саны 150 миңге жетип калганын маалымдоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости