www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөөктү бузган азыктар жана суусундуктар тууралуу "Аргументы и факты" сайтына менчик Травматология жана ортопедия клиникалык-диагностикалык борборунун бөлүм башчысы Юрий Костенко айтып берди.
Ал таяныч-кыймыл системасына, анын ичинде сөөккө кальций менен Д витамини өтө керектүү зат экенин белгилеген. Жаштын өтүшү менен жашоо образы туура эмес болгондо сөөктөр морт болуп, организмде олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Тамактануу режими бузулганда, ооз тынбай эле шам-шум эте бергенде же тез даярдалуучу тамактарды көп жегенде витаминдер менен минералдар жетишсиздиги жаралып, сөөк тканы ичкерип кетет.
Бөтөнчө фосфор кислотасын камтыган газдалган жана таттуу суусундуктар кооптуулук жаратат. Газдалган суусундуктар сөөктөн кальцийди "жууп" салат. Фастфуд жана кондитердик азыктардын курамындагы трансмайлар зыяндуу микрофлораны пайда кылып, сөөк тканына жооптуу К2 витамининин начар сиңишине алып келет.
Булак: NazarNews.kg