www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал районунун Жумгал районунун тургунунун үйүнөн 5 ок атуучу курал 13 огу менен табылды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февралда райондун аймагында "Арсенал" аталыштагы операциясы өткөн. Анын алкагында Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү айыл тургандарына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал району тургуну 1947-жылы туулган К.М. аттуу жарандын үйүнөн 2 сайлуу, 3 сайсыз ок атуучу куралдар, ок атуучу куралдын 13 огун мыйзамсыз сактап жүргөн жана 4 капкан табылган.

Бул факт боюнча Жумгал РИИБү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости