www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин: Дүйнө жүзү

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус эпидемиясынын чокусу али бүтө элек деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Бүгүн, 7-апрель күнү орус бийлигинин коронавирус тууралуу жыйынында Путин акыркы кырдаал тууралуу айтты.

Бүт өлкө "вирусологдорго" айланды, бирок, коронавируска каршы күрөшүүдө чыныгы эксперттердин пикири маанилүү. Ал эми коронавирус эпидемиясынын чокусу али бүтө элек,- деди Орусиянын президенти Владимир Путин.

Ошондой эле, бул вирус оорусу өзүлөрүнүн эмес, башкалардын катасынан сабак алууга үндөдү деп кошумчалады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөдө коронавирусту 7497 бейтап жуктуруп, 494 адам айыгып чыкты. Вирустан 58 жаран көз жумду.

ДСУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 1,21 миллиондон ашык адам коронавирусту жуктуруп, дээрлик 67,6 миң адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости