www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин:

Орусиянын президенти Владимир Путин соодада жаңы рынокторго багыт алгандарын билдирип: «Эл аралык соода кризисте. Орусия өзүнүн импортун жана экспортун жаңы рынокторго багыттоо боюнча кеңири чараларды көрүп жатат», - деди.

Владимир Путин, борбор калаа Москвада расмий жолугушууларды өткөргөн Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен Орусиянын Оренбург шаарында уюштурулган Орусия-Казакстан аймактык форумуна онлайн катышты.

Орусиянын Казакстандын экономикасына эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурган Путин: «Биздин Казакстанга инвестициябыз болжол менен 17 миллиард долларга жетти. Өлкө экономикасынын бардык негизги тармактарында 30дан ашык биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда», - деди.

Казакстан менен орток транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү кадамдарын талкуулагандарын баса белгилеген Владимир Путин: «Биз ошондой эле соодага жана инвестицияга таасир этүүчү чектөөлөрдү алып салууга кызыкдарбыз. Бул бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү. Эл аралык соода кризисте. Орусия өзүнүн импортун жана экспортун жаңы рынокторго багыттоо боюнча кеңири чараларды көрүп жатат», - деп белгиледи ал.

Путин менен Токаев форумдагы сөз сүйлөөлөрдөн кийин Орусиянын Президенттик сарайы Кремлде эки тараптуу сүйлөшүүгө өтүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости