www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Иския аралында болгон жер көчкү 8 адамдын өмүрүн алды. Анын үчөө жаш балдар экени кабарланды. Бул тууралуу 28-ноябрда RaiNews24 телеканалы билдирди.

Иския аралында 26-ноябр күнү жааган жамгыр сел жана жер көчкүгө алып келди. Акыркы маалыматтар боюнча, катуу шамалдын кесепетинен 200дөн ашуун адам үйлөрүнөн ажырады. Алар жергиликтүү мейманканаларга жайгаштырылды.

Жергиликтүү бийликтер 28 жана 29-ноябрда аралдагы мектептер жабылаарын жарыялашып, учурда өгөчө кырдаал режими киргизилди.

Окуянын кесепеттерин жоюу үчүн өкмөт 2 миллион евро бөлгөнү айтылды.

Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси аба ырайынын шарттары издөө-куткаруу иштерин кыйындаткандыктан абалды "өтө олуттуу" деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости