www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жерүй” кенинин 40%ы Орусия жараны Муса Бажаевге, 40%ы түбү токмоктук, Орусиянын жараны маркум Алижан Ибрагимовго, 20%ы Өмүрбек Бабановго тиешелүү, мамлекеттин үлүшү нөл. Орусиялык президент Владимир Путиндин онлайн аркылуу “Жерүй” кениндеги комбинатты ачышынын себеби ушундай. Орусиянын үлүшү 80 пайыз болуп турса, “Жерүй” кенинен көлөмдүү канадалыктарга тиешелүү “Кумтөр” тууралуу ооз ачпаган Орусия жана орус эли үчүн патриот Путин чыгары бышык. “Башкасын коюп Манасты айт” - демекчи, Талас жеринин жана элинин ирдүү экологиялык келечеги байланган “Жерүй” кенинин орусиялык “Альянс Алтын” компаниясына сатылышына Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар, убагында “Восток-Геолдобыча” компаниясынын президенти Муса Бажаев менин досум дегени жана «Жерүй» кенинде бул арзыматтын кызыкчылыгы бар экени бүгүнкү күндө тастыкталып жатат. Бир кездеги “НК Альянс” май куюуучу заправкалар түйүнү, Муса Бажаевге жана Өмүрбек Бабановго тийиштүү болгону карапайым калктын эсинде. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов өзү да: “Бажаев менин досум, «НК Альянс» экөөбүздүкү”, - деп ачык эле айтып жүргөн.
Бул кенде да көйгөйлөр бар:
Биринчиден, кенди казып жатканда экология маселеси биринчи орунда турат. Кенди казып алып жаткандар үчүн бары бир, аларга эмне алтынды казып алып кете беришет. Экология маселеси, жайкалып жаткан Жерүй жайлоосунун бузулушу элдин мойнунда калат. Бул маселе «Жерүй» алтын кенине бир-аз акча каражаттарын ыргытып, миллиардаган пайда көрө турган инвесторлордун башын да оорутпайт. Мейли инвесторлор кимдир-бирөөлөрдү ортого салып алтын казып алуу үчүн инвестицияларын алып келишкени менен экология маселеси оор бойдон калат. Жер-эне кайрадан түйшүктүү көз жашын төгүүнү баштайт.
Экинчиден, «Восток добыча» компаниясы мамлекеттин бюджетине лицензиялык келишимдердин негизинде 100 миллион доллар төлөгөн. Ачык-айкындуулук жоктугунан пайдаланып ушул төлөнгөн 100 миллион доллар тиешелүү жерлерге жумшалдыбы же кимдир-бирөөлөрдүн кекиртегине кирип кеттиби, жергиликтүү элдин шегин жаратып турат. Муну ошол кезде ушул иштерге тиешеси бар, бүгүнкү «Республика» лидери болуп жүргөн Мирлан Жээнчороев билер бекен?
Үчүнчүдөн, «Жерүй» алтын кенин алып жатышканда компаниянын кожоюндары, аларга таянышкан жергиликтүү бийлик бул долбоор боюнча алтынды кайра иштетип чыгаруу үчүн заманбап эң жаңы үлгүдөгү технологияларды пайдалана турганын кайра –кайра кан –какшап турган. Заманбап эң жаңы үлгүдөгү технологиялар кайда же алтын кенин алуу учурунда гана элдин көзүн будамайлап, алдоо болгонбу?
Төртүнчүдөн, алтынды өндүрүп жатканда колдонула турган химиялык продуктарды нейтралдаштыруу максатында эмне иштер жүргүзүлүп жатат? Таштандыларды сактай турган жайлар даяр болду беле? «Жерүй» карьерасынан руда казылып алганда долбоор боюнча бир тонна рудада баалуу металлдын саны 3,6 грамм болсо, суу менен гидрометаллургиялык аракеттерди жасаган соң 3,2 грамм гана калат дешет. 0,4 грамм алтын каякка кетерин ким билет, андан соң көптөгөн тазалоолордон улам, муну тазалаган таштандылар каякка кетет?
Бешинчиден, алтынды кайра иштетүү технологиясында цианидди колдонуу зарыл. Алтынды рудадан ээритип бөлүп алуунун негизги процесси металлдашкан чанда цианид куюлуу менен ишке ашат. Эгер бул металлдашкан чандар кырсыкка учураса эмне болот?
Алтынчыдан, таштандыларды сактай турган жайларга чейин алтын жуулат экен, ушунун суулары жана таштандылары сыртка чыгып өзөн, дарыяларды булгай турган болсо чоң экологиялык кырсыктарга алып келбейби?
Жетинчиден, таштандыларды сактай турган жайлар да кандайдыр бир мөөнөткө гана сакталат, 5-7 жыл иштетилген соң ашып кетсе жыйырма жылга сакталар. Биз келечек муундарыбызга иштен чыккан таштандыларды сактай турган жайларды калтырабызбы?
Мына ушундай көйгөйлүү маселелер «Жерүй» алтын кенин иштетүүнү отуз жылга чейин токтото туруу боюнча жергиликтүү элди мораторийге түртүп жатат.
Муса Бажаев 1966-жылы Чечен Республикасынын Грозный шаарында жарык дүйнөгө келген. «Группа Альянс» ААКсынын президенти, «Жер үй» алтын кенинин ээси. «Жер үй» алтын кени боюнча Бабанов менен Бажаевдин байланышы боюнча ММК беттеринде көп жазылды. Ошону менен катар «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстанда 2015-жылы катталган. Анын негиздөөчүсү «Жер үй» алтын кенин иштетүү боюнча конкурста жеңишке жеткен «Восток-геолдобыча» ААКсы. Өз кезегинде «Восток-геолдобыча» Муса Бажаевге тиешелүү болгон «Русская Платина» компаниясынын алдындагы фирма болуп саналат. Ал эми «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 20% үлүшү Өмүрбек Бабановго караштуу фирмага тиешелүү экенин маалымат каражаттары чуулдатып келатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg