www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтий болууга 8 киши камынып жатат. Тизме

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтий кызматына сегиз талапкер ат салышат. Мындай маалыматты Аалымдар кеңеши өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Кечээ уюмдагы Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин документтерин каттоону жыйынтыктады.

«Натыйжада Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна сегиз талапкер ат салышуу ниетин билдирген. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды», — деп айтылат маалыматта.

Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29, 30, 31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.

Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган талапкерлердин тизмеси:

Нурбек Токтогулов

Сайдамир Джейналиев

Султанали Гапуров

Убайдулла Сарыбаев

Шүкүр Исмаилов

Шакир Маматов

Нематилла Жээнбеков

Ниязали Арипов

Кечээ, 17-февраль күнү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган болчу.

Эске салсак, Муфтий кызматын буга чейин Максатбек Ажы Токтомушев жетектеп келген. Февраль айында УКМК КМДБдин кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп мекеменин эсепчисин кармаган. Андан кийин Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арыз берген.

Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, тил кат менен бошоткон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости