www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Холокосттун эл аралык эскерүү күнүн утурлай Владимир Путин Кремлде Орусиянын башкы раввини Берл Лазар жана еврей коомдор федерациясынын президенти Александр Борода менен жолугушту.

Путин өз сөзүндө, фашисттер тарабынан жок кылынган бардык еврейлердин көпчүлүгү Советтер Союзунун жарандары болгонун жана бул жалпы кайгы экенин белгиледи.

Биз Холокосттун курмандыктарын, каршылык көрсөтүүнүн баатырларын эскерүүнүн эл аралык күнүн утурлай чогулуп жатабыз жана өлкөбүздүн позициясы белгилүү.

Бул биз эскирүү мөөнөтү жок мындай түрдөгү кылмыштарды унутта калтырууга караманча каршыбыз. Ал эми биз адамзаттын тарыхында мындай нерсе эч качан кайталанбашы үчүн ушундай саясатты жүргүзүп жатабыз.

Мен Орусиянын еврей коомчулугунун позициясын, нацизмди, фашизмди жеңүүдө Кызыл Армиянын ролуна жана маанисине карата Израил мамлекетинин позициясын билем жана биз муну абдан жогору баалайбыз, бирок, мен дагы бир жолу кайталагым келет. Бул дагы бир жолу биздин элибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Ошондой эле Россия Федерациясынын тергөө органдары жана прокуратурасы мурдагы СССРдин бардык жарандарына, улутуна карабастан, ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачуу боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жатканын билесиздер.

Албетте, бул эмгек нацизмдин жөөттөрдүн өзүнө каршы кылмыштарын ачууга олуттуу салым болуп кала берет.

Дүйнө жүзүндөгү еврей уюмдары да мындай иштерди биз тараптан колдоого алып жатканы белгилүү. Бул эл аралык деңгээлде да колдоого алынышы үчүн бардыгын жасап жатабыз", - деди Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости