www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөө абагында кыйноо көрсөтүү шеги менен Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) эки кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу "Информбюро" басылмасы билдирди.

Буга чейин Астананын убактылуу тергөө абагында отурган кишилердин туугандары атайын кызматтын подполковниги Еркин Аманов менен майор Хамит Абдугали жакындарын бир жылга жакын кыйнашканына даттанышкан.

"Биздин жакындарыбыз 2021-жылы 10-мартта Семейдеги алтындын аралашмасы бар руданы уурдоо шеги менен камалган. Көрсө, абакта оң көрсөтмө бербегендерди алып бара турган УККнын атайын жер төлөсү бар экен. Аларды тогуз ай бою кыйнашкан. Баары Астана абагында болгон, УКК аларды кыйнаган, ИИМ, прокуратура муну билген, бирок үн каткан эмес", - деген кармалгандардын биринин эжеси Куралай Умирбаева.

2022-жылы 29-мартта кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандардын жакындарынын айтымында, экспертизалар жана күбөлөр болгонуна карабай, 10 айдан бери иш создуктурулуп келе жатат.

"Алардын оозуна иштеген кипятильник салып, резина союлдар менен сабап, мартта жондоруна муздак суу куюп, ошол абалда тышка алып чыгышкан. Алардын (УКК кызматкерлери – Ред.) дагы бир ыкмасы бар: 20 саат бою кыймылсыз турууга мажбурлашкан, кимдир бирөө кыймылдаса, сабашкан. Кишилер суткалап уктабай калган күндөр болгон. Ар биринин мээси чайкалган жана грыжасы бар. Кыйноо иши боюнча 46 киши жабырлануучу катары сурак берүүдө, алардын 32си биздин балдар. Алар уурулукка шектелүүдө", – деди Умирбаева.

17-январда жабырлануучулардын 50дөй тууганы Астанадагы Башкы прокуратуранын имаратынын алдына чогулушкан, бирок аларга эч ким чыккан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости