www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков бир айга камалды

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  24-февралга чейин №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Разаков парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын ырастады. Анын жактоочусу Айбек Өмүров буга негиз жок экенин айтты:

"Бул иш козголбош керек болчу. Анткени дал ушул сумма боюнча Жеңиш Разаков Биринчи май райондук милициясына кайрылган, иш козголгон. Ал жерде Разаков жабырлануучу деп табылган. Ал жакта ушул эле сумма боюнча башка айыпталуучу бар, ага издөө жарыяланган. Жабырлануучу болгонуна карабай ушул эле сумма боюнча башка арыз жазылып, аны камап жатышат. Бул сумма башка кишиден алынган сумма болчу. Жеңиш Разаков Буркановдон акча алган деп айтылып жатат. Бирок андан алган эмес, башка кишиден андан чоңураак сумма алган. Ал сумманы кайтарып берип, 1 миллионун Мирлан Бекитаев деген киши алып изин жашырып кеткен. Бул боюнча арыз 2022-жылы мартта берилген. Ошондо Разаков бирөөдөн ушул сумманы карызга алат. Ал Буркановдун акчасы экенин берген киши айткан эмес. 2022-жылы эле Буркановдун дагы акчасы болгону билинип жатат. Акча 2017-жылы алынган болчу", - деди жактоочу

Ички иштер министрлиги Разаковдун кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Ал 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости