www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов президент тарабынан сыйлык бериле турган адамдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы спортчуларды сыйлайт, бирок сыйлыктарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ахмедовду тизмеден чыгарып салышкан. 

«Ушул адамдын аркасы менен спортчулар Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону болуп жатышат. Мейрамбек Ахмедовдун мамлекетке сиңирген эмгеги эбегейсиз. Ал спортчулардын кыргыз туусун эл аралык деңгээлде көтөрүшүнө салым кошуп келе жатат. Комиссия буга чейин сыйлык алганын айтып, алып салышты», — деди Тазабек Икрамов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости