www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бриджертондор" тасмасында герцог Хастингс ролун аткарган актёр Реже-Жан Пейдж дүйнөдөгү эң сулуу адам деп табылды. Атактуу адамдын жүзү "сулуулуктун алтын катышына" 93,65% туура келет - идеалга 6,35% гана жетишпейт. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазып чыкты.

Британдык пластикалык хирург Жулиан де Силва атактуулардын сырткы көрүнүшүн изилдөө менен алектенген. Беттин пропорцияларын эсептөө үчүн ал заманбап компьютердик технологияларды колдонгон.

"Компьютердик карта түзүүнүн бул таптакыр жаңы ыкмалары адамды физикалык жактан сулуу кылган нерселер менен байланышкан сырларды ачууга мүмкүндүк берет", - деди дарыгер.

Адистин айтымында, актер мындай жогорку бааны көздөрүнүн ортосундагы дээрлик кемчиликсиз аралыктан жана алардын жайгашкан жеринен, ошондой эле эриндердин идеалдуу формасынан улам алган. Система мурундун туурасы жана узундугу үчүн гана упайларды азайткан.

Рейтингде экинчи орунду 93,53% алган актер Крис Хемсворт ээледи, ал эми актер Майкл Б.Жордан - анын сырткы келбети 93,46% менен идеалдуу. Алардан кийин 92,30% га бааланган ырчы Гарри Стайлс жана британиялык футболчу Джуд Беллингхэм 92,22% упай топтогон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости