www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Газа тилкесинде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Ленинградды блокадага алгандай абал түзүү туура эмес деп эсептейт. Ал бул пикирин 13-октябрда Бишкекте өткөн саммит учурунда билдирди.

"Биз азыр байкап жаткандай, атүгүл Америка Кошмо Штаттарында да болуп аткан окуяларга, анын ар кандай варианттарда өнүгүүсүнө баа берилип жатат. Анын ичинде Газа тилкесине Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Ленинградга кандай блокада жасалса, азыр да согуштук жана согуштук эмес мүнөздөгү чараларды көрүү мүмкүндүгү айтылууда. Биз мунун баары эмнеге байланыштуу экенин түшүнөбүз. Менин көз карашымда, мындай жасоого болбойт", - деди Путин.

Орусиянын президенти "Израил масштабы боюнча да, аткаруу мүнөзү боюнча да тарыхта болуп көрбөгөндөй чабуулга кабылганын, ага Израил масштабдуу жана ырайымсыз жол менен жооп берип жатканын" белгилеген.

Бишкектеги КМШнын саммити маалында Путин Израил-Палестин согушун “бир борбордо эки мамлекет” формуласы менен эгемен Палестина мамлекетин түзүп, чечүү зарылдыгын, мындай вариант БУУнун атайын резолюциясында каралганын айтты.

Эскерте кетсек, Израил менен палестиналык Хамас кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил 1,3 миңден ашуун, Палестина 1,5 миңге жакын өлдү деп билдирди. Израил Газа тилкесине электр жарыгын жана сууну берүүнү токтотту. Ал Хамас кыймылы туткундарды кайтарып бермейинче уланаары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости