www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Стамбул Конгресс  борборунда Түркия  -  Африка  4 -  ишкердик жана экономикалык форумунун жабылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Сирияда атып түшүргөн түрк куралдуу учукучсуз учуучу аппараттарына токтолду.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын өзүнүн улуттук коопсуздугуна  керек болгон кадамдарды таштоону уланта тургандыгын билдирди. 

Эрдоган Стамбул Конгресс  борборунда Түркия  -  Африка  4 -  ишкердик жана экономикалык форумунун жабылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Сирияда атып түшүргөн түрк куралдуу учукучсуз учуучу аппараттарына токтолду. 

АКШнын ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландылары менен бул өлкөдө жүргүзгөн аракеттерин Түркиянын улуттук коопсуздугуна өзгөчө коркунуч туудургандыгын белгилеген Эрдоган буларды айтты :  "Биз Америка менен НАТОдо  бирдикте эмеспизби? Бирдиктебиз, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбызды  АКШ атып түшүрдүбү? Түшүрдү. Биз сени менен НАТОдо кантип бирге болобуз? Кантип ушундай нерсени жасай аласыңар? Арабызда коопсуздук маселеси бар".

Түркияга карата террор коркунучунун аркасында кимдин бар экендигине карабастан булагынан жок кылууда чечкиндүү экендерин баса белгилеген Эрдоган : "ДЕАШ менен  күрөшүүдө көптөгөн шейиттерди берип, бул террордук уюмду жеңген бир гана НАТО союздашы катары бул оюнду ойногондорду  өз сценарийлери менен калтырып, өз улуттук коопсуздугубузга керек болгон кадамдарды таштоону улантабыз",- деди. 

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости