www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин кесиптеши Ирандын лидери Ибрагим Раисиге Шираздагы теракттын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. 

«Ширазда жасалган террордук актынын кайгылуу кесепеттери боюнча чын жүрөктөн көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Диний храмдын дубалдарынын ичинде жайкын тургундарды, анын ичинде балдарды жана аялдарды өлтүрүүдөн алда канча ашынган кылмышты элестетүү кыйын. Терроризм мыйзамдарды гана эмес, адамдык адеп-ахлак нормаларын да буза тургандыгына дагы бир жолу ынандык», - деп айтылат Ирандын президентине жөнөтүлгөн телеграммада.

Өз катында Путин ошондой эле Россиянын республика менен антитеррордук багытта кызматташуусун улантууга даяр экенин ырастады.

Эске салсак, буга чейин Ирандын Шираз шаарында Шах Черах мавзолейине зыяратчыларга кол салуу болгон. Храмдын имаратына куралчан үч адам кирип келишти. Кол салуудан кеминде 15 киши каза болуп, он киши жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости