www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын атайын кызмат өкүлдөрү Берлинде каза болгон журналист Реза Хагигатнеджаддын сөөгүн мекенинде жерге берүүгө тоскоолдук кылышты.

"Эркин Европа Азаттык" радиосунун иран кызматынын ("Фарда" радиосу) журналистинин сөөгү Иранга бийлик менен макулдашылгандан кийин алып келинген.

"Фарда" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, кабарчынын сөөгүн Ислам революциясынын сакчылары корпусунун агенттери белгисиз жакка уурдап кетишкен.

Саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунда 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал 17-октябрь күнү Берлиндеги "Шарите" ооруканасында рак оорусунан улам каза болгон. Маркумдун жакындары Резанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Шираз шаарында жерге берүү үчүн Иран бийлигинен тиешелүү уруксат алганын айтышкан.

Сөөк Иранга 25-октябрга жеткирилген. "Фарда" радиосу бийлик сөөктү башка жакка коюуга мажбурлап жатканын кабарлады. Бийлик азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

22 жаштагы Махса Амини адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийин өлгөнү - Иранда массалык нааразылык акцияларынын келип чыгышын шарттады. Дээрлик бир айга созулган толкундоолор учурунда бийлик күч колдонуп, 200дөн ашуун адам өлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости