www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Govori.TV маалымат агенттинин журналисти Кайыргүл Урумканованын алып баруусундагы "Майдан" берүүсүнүн түз эфиринде "Кемпир-Абад" талашы. Жапырт камоолордон кийин абал тынчыдыбы?" аталышындагы талкуу болду.

Талкууга саясат талдоочу Бакыт Бакетаев, "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова, "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапарбек Аргымбаев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев катышты.

Эфирдин жүрүшүндө аты аталган адамдар учурдагы саясий кырдаалга баа берип, жапырт камоолор боюнча өз пикирлерин билдирди.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып баруу керек, деп эсептейт.

--"Бизде Кылмыш-Жаза кодекси, атайын укук коргоо органдары бар. Коомдо баш аламан болуп кетспесин деп, алдын ала иш чараларды жүргүзүшөт. 22 адам болобу, 30 болобу кеп санда эмес. Ар бир кармалган адамдын тагдыры бар. Укук коргоо органдары баардыгына факт боюнча иш козголуп жатат деп жатат. Азырынча менде ашыкча маалымат жок. Эгерде төңкөрүш жасап, башаламандык уюштуруу аракеттери болсо, чынында бизге анын кереги жок.

Азыркы кырдаалга баа бере турган болсок, эгерде укук коргоо органдары милдеттерин туура аткарса жакшы, бирок, аша чапса алар жооп берип калат. Ал эми жогорку бийлик аларга жооптуу. Алар мыйзам чегинде иш алып баруу керек", - деп билдирди Өмүрбек Эгембердиев.

Бийлик массалык камоолор менен элди коркута албайт деген пикирин "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапарбек Аргымбаев билдирди.

-- Менин бул тууралуу кабарым бар болчу. Кемпир-Абад боюнча президенттин акыркы жыйынына катышкам. Ал жердеги президент менен УКМКнын төрагасынын элге кылган мамилесин биз, каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы чечим бар, ал аткарылат дегендей кабыл алдык. Бийлик башындагы адамдар айтпай турган сөздөр айтылып кетти. Ошол кезде эле, бул теманы кандай болгон күндө дагы жабабыз, деп чечим чыгарышканы билинип эле турду. 

Ал эми массалык камакка алынган саясатчы, активисттердин элдер кири-чыккан кафеде отуруп алып, төңкөрүш жасаганы жатканына кантип ишенсе болот?  Алар айтып жатат, биз чакырык жасаган жокпуз, жөн гана элге ачык маалыматтарды беребиз, деп. Анын эртеси массалык камоолор башталды.

Бүгүнкү күндө бийлик элди коркутабыз деп ойлоп жатышат. Камалган 22 адам коркпойт, мен аларды жакшы билем. Булар аркылуу элди коркута албайт, балким депуттарды коркута алат", - деп билдирди Сапарбек Аргымбаев.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин пикиринде, бул сапар бийлиги да күнөөлүү, оппозиция да күнөөлүү.

-Бийлик эмнеге күнөөлү? Ошол эле Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликте иштеген юристтер элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Анткени эл жер бергенге дайыма каршы турат. Учурда эл так, даана түшүнбөй жатат. Ички туюм менен эле айрымдар президент Жапаровду, айрымдары Мадумаровду колдоп жатат. 

Мына бизде үч төңкөрүш болуп, алардын баардыгына катыштым. Үчөөндө тең, жүргүлө президентти алмаштырабыз, Ак үйдү алабыз, деген чакырыктар болгон эмес. 1000ден ашык киши чогулса эле Ак үйгө кирип кетишет. 

Садыр Нургожоевич элге жакын болом деп Ак үйдүн тосмосун алдырткан. Андыктан, комиссия эл менен иштеш керек эле. Ал иштеген жок, оппозиция болсо биз төңкөрүшкө чакырган жокпуз, жөн гана 10 миңдей адамды чакырдык деп жатышат. Бул деген элди беш бармакка чакырып, бирок жөн гана сүйлөшүп кетирип жибергендей. Ошондуктан бул эки тараптын тең катасы. Биз үч төңкөрүштөн сабак алышыбыз керек эле. Демократиянын бийигирээк деңгээлине жетиш керек. Бийлиги да, оппозициясы дагы. Эми жарандык активист Атай Бейшенбек камакка алынгандардын жолугушуусуна барбаптыр, комитеттин тизмесинде да жок экен. Эмнеге аны камашат? Билимдүү жигитти камап коюшту", - деп нааразы болду Бакетаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости