www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык NASA космос агенттиги Түркмөнстандын Хазар шаарынын чыгыш тарабында ири метан жылжып чыгып жатканын кабарлады.

Маалыматка караганда, ал жакта 32 чакырымга созулган мунай жана газ инфраструктурасынан 12 шлейф табылган.

Окумуштуулардын эсеби боюнча бул булактардан атомосферага саатына 50,4 тонна метан чыгып жатат.

"Түркмөнстандагы метандын атмосферага тароо ылдамдыгы 2015-жылы Алисо каньонунан жылжып чыккан газдын ылдамдыгына барабар. Ал маал-маалы менен саатына 110 000 фунттан (50 миң килограмм) ашып турган. Лос-Анжелес аймагында метандын жылжып чыгышы АКШ тарыхындагы эң ири катастрофа болуп калган", - деп айтылат билдирүүдө.

2021-жылы Bloomberg агенттиги Түркмөнстан планетанын ысыткан метандын жылжып чыгышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлей турганын жазган. Метан атмосферага тараганда көмүр кычкыл газына караганда 80 эсеге көп жылуулук энергиясына ээ. Түркмөнстанда чыгып жаткан метан АКШнын Аризона штатындагы автоунаалардан чыккан бир жылдык уулу газдын көлөмүнө тете.

2022-жылы январда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Тозоктун дарбазасы" деген атка конгон, 50 жылдан бери жанып турган газ кратерин өчүрүүгө буйрук берген.

Каракум чөлүндөгү кратерге советтик геологдор от койгондо тез эле өчүп каларын болжошкон. Бирок алар ойлогондой болгон эмес. Түркмөн бийлиги бул кратерди бир нече ирет туристтик жайга айлантуу аракетин көрүшкөнү менен андан да майнап чыккан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости