www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин кайсы вакцина менен эмделгенин ачыктады

Россиянын президенти Владимир Путин «Спутник V» вакцинасы менен эмделгенин ачыктады.

«Мен «Спутник V» менен эмдөөдөн өтүүнү чечкем. Бизде Куралдуу күчтөр дагы ушул вакцина менен эмделип жатат, а мен башкы командачымын», - деди Путин.

Анын айтымында, вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин эч нерсе сезген эмес. 4 сааттан кийин гана укол сайылган жерде кичине сезгенүү пайда болгон.

«Экинчи дозаны күндүз саат 12де алгам. Түнкү саат он экиде дене табымды текшердим, 37,2 болчу. Уктап турсам 36.6 экен. Бүттү», - деди Путин.

Ушул кезге чейин Россиянын президенти кайсы вакцина менен эмделгенин айткан эмес. Россияда өндүрүлгөн вакцинаны тандаганын гана ачыктаган. Ал учурда Россияда «Спутник V» жана «ЭпиВакКорона» вакциналары пайдаланып жаткан.

Владимир Путин ушул жылы 23-мартта коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн. Бирок эмдөө учурунда аны сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости