www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сербдер Россия Федерациясынын кылымдар бою ишенимдүү союздаштары болуп келген. Москва муну билет, эстейт жана баалайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин 6-мартта Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын катышуучулары менен сүйлөшүү учурунда билдирди.

"Орусия менен Сербиянын мамилеси өзгөчө мүнөзгө ээ, алардын тарыхый тамыры терең. Мен бул тууралуу дайыма өзгөчө жылуу сезим менен айтып келем, анткени кылымдар бою сербдер Орусиянын эң ишенимдүү союздаштары болуп келген, биз муну билебиз, эстейбиз жана баалайбыз", — деди. Путин.

Маалымат үчүн айта кетсек, Сербиянын президенти Александр Вучич РТС телеканалына берген маегинде Сербиянын Орусия алдында эч кандай милдеттенмеси жок экенин, бирок өлкөнүн турмуштук кызыкчылыктарына коркунуч жаралмайынча Сербия эч кимге санкция салбай турганын билдирген.

Белгилей кетсек, февраль айынын аягында Россиянын Улуттук коммуникацияларды өнүктүрүү илимий институту 2023-жылы Орусияга дос мамлекеттердин рейтингин жарыялаган. Биринчи орунда 87,6 упай менен Белоруссия турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости