www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК: Киевдин коргонуусунда жаңы чоң көйгөй жаралды

Украина фронттук чектерди коргоону бекемдөөдө олуттуу натыйжаларга жетише алган жок. Бул тууралуу батыштык аткаминерлер менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери айтканын The Wall Street Journal гезити жазды.

Буга чейин The New York Times гезити Американын Planet Labs спутник компаниясынын видеолоруна таянуу менен Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Авдеевкадан батышка карай коргонуусу бир кыйла алсыз экенин, бул жагдай Россия армиясынын ийгиликтерине шарт түзөрүн жазган.

"Коргонууну бекемдөө кампаниялары көрүнүктүү жыйынтыктарды берген жок. Россия чабуулду күчөткөндөн улам Украинадагы прогресстин жоктугу алар үчүн көйгөй болууда", — деп жазылган анда.

Украинанын улуттук стратегиялык изилдөө институтунун илимий кызматкери Николай Белесков “учурда Россиянын куралдуу күчтөрү ыңгайлуу абалда турат жана жылдын экинчи жарымында катуу чабуул жасоого даярдыктарды көрүп жатат” деген божомолун айткан.

Последние новости