www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Кытайга барат

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кытайга сапары кийинки жумада, 20-майда өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу «Саут Чайна Морнинг Пост» гезити өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин Кытайга бир күндүк сапар менен барат.
Ошондой эле Пекинде салтанаттуу тосуп алуу жана парад өткөрүү ыктымалдыгы төмөн экени белгиленген.

Себеби Орусия президенти менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү «Орусия менен Кытай үчүн кадимки жумуштун бир бөлүгү» катары бааланат.

13-майда Пекинде Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамп жолугушкан. Трамп 2017-жылдан бери биринчи жолу Кытайга барган.

АКШ президенти Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрү өтө позитивдүү өткөнүн билдирген.
«Саут Чайна Морнинг Пост» басылмасынын жазганына караганда, Кытай тарыхында биринчи жолу эки ири державанын президенттерин бир айга жетпеген аралыкта көп уюлдуу форматтан тышкары кабыл алганы жатат.

Последние новости