www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейдин кеңешчиси Мохаммад Мохбер БАЭ менен Кувейт тууралуу кескин билдирүү жасады.
Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө бул өлкөлөр АКШнын Борбордук командачылыгын (CENTCOM) колдой турганын айткан.
Мохбер Иран көп жылдар бою БАЭ жана Кувейт менен достук жана бир туугандык мамиле көрсөтүп келгенин белгиледи:
“Бирок алар өз эгемендүүлүгүн алдын ала сатып жиберип, жерлерин жана үйлөрүн Палестина менен Ирандын душмандарына берип коюшту”, - деди ал.
Хаменейдин кеңешчиси акыркы тирешүү маалында Ирандын аймактагы CENTCOM базаларына карата жообу толук масштабдуу болбогонун да белгиледи.
“Ислам Республикасынын акыркы жалпы согуш учурунда CENTCOMдун ижарага алынган таяныч пункттарына берген жообу толук масштабдуу болгон жок. Бирок бул сабырдуулук түбөлүккө созулбайт”, - деп баса белгиледи ал.