www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция президенти Эммануэль Макрондун саммит өткөрүү сунушун Россия лидери Владимир Путин жана АКШнын башчысы Жозеф Байден кабыл алды. Бул тууралуу Елисей сарайы билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ал (Макрон) президенттер Байден менен Путинге эл аралык саммит өткөрүүнү сунуштады, андан соң коопсуздук жана стратегиялык туруктуулук маселеси жаатында кызыкдар болгон бардык тараптардын кездешүү зарылдыгын айтты. Байден менен Путин саммит боюнча мындай идеяны жалпы жонунан колдошту", — деп айтылат маалыматта.

Саммит "эгерде Россия Украинага кол салбаса" гана өтөрүн билдиришти. Ал эми Москва батыш ага таңуулап жаткан коңшу өлкөгө кол салуу боюнча айткандарын четке какканы айтылган.

Бул иш-чаранын күн тартибин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Елисей сарайында 24-февралда өтүүчү жолугушууда даярдай тургандыгы айтылды.

Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки Париждин америкалык лидердин ниети тууралуу билдирген маалыматын тастыктады.

"Президент Байден эгерде кол салуу болбосо, Россия лидери Путин менен кайрадан жолугушууга макулдугун билдирди", — деди ал.

Эске салсак, 20-февралда Владимир Путин Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал Париждин демилгеси менен болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости