www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда акыркы бир жылдын ичинде күйүүчү май 1,7 эсеге кымбаттады. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика боюнча агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өз кезегинде бул товарлардын жана кызматтардын баасынын жогорулашына алып келген.

"Бензин баасынын жогорулагандыгынан улам былтыр жашылча-жемиштер 23,8%, эт азыктары 15,1%, өсүмдүк майы 24%, ун 8% жана кумшекер 4,4% кымбаттады", - деди мекеме башчысы Гулнора Хасанзода.

Душанбе шаарындагы "Мехргон" базарынын администрация өкүлү Фахриддин Холов бааларды төмөндөтүү үчүн мамлекеттик резервдеги азык-түлүктөр сатыла баштаганын билдирди. "Базарда эттин бир килограммы 65 сомони болсо, "Мамлекеттик резервдин" текчелеринде 55 сомониден сатылууда", - деди ал.

Өз кезегинде тургундар мамлекеттик резервдин азыктары сезилерлик колдоо болуп жатканы менен азыркыдай оор шартта жетишсиз экенин билдирүүдө. "Мамлекеттик резервдеги азыктар сатылып жатат. Ал жактан өсүмдүк майын жеткиликтүү баада сатып алса болот. Бирок этке акчабыз жетпей калып жатат", - деди Душанбенин Муслима Хасанова аттуу тургуну.

2021-жылы декабрда Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасы өлкөдөгү бааларды төмөндөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана турганын билдирген. Бирок эксперттер бул абалдан ички өндүрүштү көбөйтүү жана ишкерлер үчүн салыктарды төмөндөтүү аркылуу гана чыкса болорун билдирип келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости