www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен Ирак Республикасынын премьер-министри Мухаммед ас-Судани кызматташтыкты өнүктүрүү жана актуалдуу эл аралык темаларды, биринчи кезекте Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирет.

"10-октябрда Кремлде Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Ирак Республикасынын премьер-министри Мухаммед Суданинин сүйлөшүүлөрү болот. Көп кырдуу орус-ирак кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар, биринчи кезекте Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кеңири талкууланат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 11-октябрда Россиянын президенти менен Ирактын премьер-министри "Россиянын энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунун пленардык жыйынына катышат.

11-октябрдан 13-октябрга чейин “Манеж” борбордук көргөзмө залында “Орус энергетикасынын жумалыгы” эл аралык форуму өтөт, анын уюштуруучулары "Росконгресс" Фонду жана Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги Москва өкмөтү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости