www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына  эки айга камакка алынган, "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун саламаттыгы начарлап соттон түз ооруканага алып кетишти. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелүүдө.

Сот жыйынында Салимов жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жалпы бизнеси жана достук мамилеси болбогонун айтты. Ал Көлбаев менен коңшу жашаганын, кээде гана учурашып турушканын белгиледи. Салимов Көлбаевге куда эместигин кошумчалады.

Ал бул туурасында: "Биз дос болгон эмеспиз, мен андан (кримтөбөл Камчы Көлбаев – ред.) 18 жаш улуумун. Көлбаевдин кудасы да эмесмин. Пенсионермин, "Мадина" базарын салгам. Парламенттин депутаты болгондо башкы директорлукту өткөрүп бергенмин. Бирок расмий башкы директордун кеңешчиси болуп эсептелем”, — деди ал сотто.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости