www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын жана Беларустун президенттери 14-сентябрда жолугуша тургандыгын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, жумушчу жолугушууда эч кандай документтерге кол коюлбайт жана басма сөз жыйыны өткөрүлбөйт.
Белгилей кетсек, Владимир Путин менен Александр Лукашенко Беларуста бийликке каршы массалык демонстрациялар башталгандан бери биринчи жолу кездешмекчи.
АКШ жана Евробиримдик тынч митингчилерге каршы күч колдонууну, куугунтукту айыптап келатышат.
Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августтагы президенттик шайлоону өлкө башында 26 жылдан бери турган Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Ошондон бери миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адамдар милициянын зомбулугуна туш болду. Оппозиция жана митингчилер шайлоо бурмаланган деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg