www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тугельбаев Мирдин жаркын элесине арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан 20жыл мурун кинология борборунун кинолог-милиционери милициянын улук сержанты Тугельбаев Мирдин Жекшенбекович, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен 6 саатка созулган салгылашууда 24 жаш курагында баатырларча курман болгон. 11-сентябрь күнү Тугельбаев Мирдинди туулуп өскөн айылында эскерүү күнү жана анын жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Аталган иш-чарага Мирдин ата-энеси туугандары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кинология борборунун башчысы милициянын полковниги Брюзгин Сергей Николайевич жана кинология борборунун өздүк курамы катыштып Мирдиндин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көргөзүштү. Мирдиндин жаркын элесине арналган турнир өзү туулуп өскөн айылынын жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулду. Мындай иш-чара ар жыл сайын өткөрүлүп келет. Аталган турнирде кинология борборунун бир команда катышып байгелүү 2-орунду камсыз кылды.
Булак: NazarNews.kg