www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда тараган видеодо аты аталган кишилер ӨКМ кызматкерлери эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мекеменин кызматкерлери партиялардын үгүт иштерине аралашкан эмес” деп билдирди.
Маалыматка караганда, учурда Аксы району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №30 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн техник-айдоочусу Тынчтык Атабековдон түшүнүк кат алынды. Ал катында үгүт иштерине катышпаганын маалымдаган.
Эскерте кетсек, 8-августта Интернетте министрликтин Аксы районундагы башкармалыгынын кызматкерлери партиялардын биринин үгүт иштерине катышып жатканы боюнча маалымат тараган.
ӨКМ бул факт боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg