www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакын арада Путин менен Лукашенко жолугушуп, Зеленскийдин коркутууларын талкуулай турганын Песков маалымдаган. «Бул ушул жана башка маселелерди талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот», - деди Песков.
Ал украин лидери Зеленскийдин сөздөрүн «агрессивдүү коркутуу», «Беларустун ички иштерине кийлигишүү» жана «Беларустун суверенитетине кол салуу» деп мүнөздөдү. «Бирок бизде Беларустун жетекчилиги жана Беларустун өзү өзүнүн суверенитетин коргой аларына эч кандай шек жок», — деп баса белгиледи Песков.
Буга чейин Зеленский кайрадан Беларусь өлкөсүн Орусиянын армиясына жардам берүүнү токтотууга чакырган. Тактап айтканда, ал Беларустун аймагында, анын айтымында, Украинага каршы орусиялык учкучсуз аппараттардын соккуларын багыттоого жардам берген ретрансляторлор орнотулганын айткан.
- Лукашенко бул маалыматты алган жана чыңалууну азайтуу аракетин жөн гана сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүшү керек. Өзүнүн “кечирип коюңуз” деген сөзүн өзүнө калтырсын. Согуштун биринчи күнүнөн тартып мындай сөздөрдүн таасири жок, - деген Зеленский.
Ошондой эле ал эгер Беларусь бул ретрансляторлорду көрсөтүп, алардын ишин Киевге ачык көрсөтпөсө, анда Украина «баарын өзү аныктап чыгарын» билдирген.