www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин телефон аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Донбассты коргоо боюнча атайын операциянын жүрүшү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматына таянып РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Путин Мирзиёев менен өзбек тараптын демилгеси менен сүйлөшкөн. Анда Владимир Путин Донбасс республикаларын коргоо боюнча атайын аскердик операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берген. Ал эми Өзбекстан орус тараптын позициясын жана аракеттерин туура түшүнүү менен кабылдаганын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Луганск жана Донецк Республикаларынын көз карандысыздыгын тааныбай турганын ачыктаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости