www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада Орусия менен Казакстан лидерлери Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев жолукканын Кремлден кабарлашты.
Бул Токаевдин Казакстан президенти болуп шайлангандан кийинки чет мамлекетке жасаган биринчи иш сапары.
Путиндин айтымына караганда, Казакстандын лдиеринин бул сапары өзгөчө мааниге ээ.
Мамлекеттердин башчылары 2021-2022-жылдардагы товар алмашуунун дурус болгон көлөмү тууралуу кеп кылышты. Мындан сырткары, Токаев Орусияга келишинин терең саясий мааниси бар экендигин айткан.
"Башка жагынан алып караганда, бул кадимки эле нерсе, кеп биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу жаатында жүрүп жатпайбы. Быйыл дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгиледик. Бүгүн бул тарыхый датага арналган декларацияга кол коюп жатабыз", — деген Токаев.
Казакстан башчысы Казакстан үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш катары кала берерин, аларды ар кыл тармактагы өз ара алака байланыштырып турарын кошумчалаган.
Токаев орусиялык капиталдын Казакстандан орун алышы боюнча өтө чоң пландар бар экендигин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg