www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Трамп жолугат

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондо Дональд Трамп менен жолугушуп, АКШ президенти Москва менен өзө ара пайдалуу, ишкерлүү жана прагматикалык мамилелерге умтулганын белгиледи деп билдирди. Ал Трамп менен жолугушууда Украинада окуялардан улам АКШнын Орусияга киргизген санксиялар талкууланбаганын тактап, бирок эки тарап Ооганстан жана Украинанын чыгышындагы абал боюнча консультациялар уланаарын кошумчалады.

Трамп менен Лавровдун жолугушуусу шаршенби күнү Ак үйдүн Тегерек кабинетинде журналисттердин катышуусуз болуп өттү. Бул АКШнын президент кызматына жаңы киргенден бери Трамп менен орус жетекчилик өкүлдөрүнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги биринчи сүйлөшүү. Бир ай мурун Владимир Путин Кремлде АКШнын мамкатчысы Рекса Тиллерсонду кабыл алган эле.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости