www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Айданбек Акматов бүгүн 11-июлда Кыргызстан президенти С.Жээнбеков Россия президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнө сарасеп салды.
Бүгүн, 11-июлда Москвада Кыргызстан президенти С.Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Орус президентинин расмий сайтында, кыргыз президентинин Москвага жумуш сапары жана президент Путин менен жолугушуусу жөнүндө гана маалымат берилген. Эки президенттин жолугушуусунун күн тартибинде кайсы конкреттүү маселе бар экени айтылган эмес.
Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцарияга расмий сапар жасаганы маалым. Ал Европадан кайтып келатып, Москвада Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташууларга байланыштуу сүйлөшүп, көз көрүшүп кетүүнү чечкендей. Эки президенттин сүйлөшө турган маселеси арбын. Ал мурунку президент Атамбаевдин тагдырынан тартып, эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкагында кызматташууларга чейинки маселелер.
Белгилүү болгондой Владимир Путин быйыл март айынын аягында Кыргызстанга келип кеткен. Ал сапардын жыйынтыгы боюнча отуздан ашуун документтерге кол коюлган. Орус тарап анда Жерүй алтын кени, Газпромдун иши, билим берүү тармактарында кызматташууларга өзгөчө басым жасаган. Ошондой эле Газпромдун Кыргызнефтигазды алуу максаты, Кыргызстан темир жолунун долбоорлоруна (өзгөчө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча) Россия темир жолунун кызыгуусу байкалып, бирок ал кыргыз коомчулугунда бир жактуу кабылданган эмес...
Орус президенти сапары учурунда Россия Кыргызстанга жылына кошумча төлөмсүз 1.1 млн. тонна мунай заттарын сатып жатканын, андан Кыргызстан 2 млрд. доллардай пайда көрүп жатканын белгилеген. Бирок Кыргызстанда Россия компаниялары сатып жаткан мунай заттарынын баасы өтө жогору, ага караганда Казакстанда бензин арзан деген маселе парламентте, андан кийин өкмөттө көтөрүлгөн. Мына ошондон кийин кыргыз өкмөтү Казакстандан мунайзаттарын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзө баштаган. Июнь айында вице-премьер-министр Замир Аскаров жакын арада Казакстандан кошумча төлөмсүз бензин сатып алуу боюнча келишимге кол коюларын, ал жалаң гана темир жол аркылуу ташыларын билдирген.
Казакстан менен мындай келишимге жетишилсе, ал Россиянын Кыргызстанда монополдук шартта иштеп жаткан Газпром жана Роснефть компанияларынын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан, бул маселе да эки президенттин Москвадагы сүйлөшүүсүндө ортого салынышы мүмкүн.
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин марттагы сапарында кыргыз эмгек мигранттарына киргизилген “кара тизме” боюнча мунапысты улантууну өтүнгөн. Ал канааттандырылган. Бирок андан кийин Россия тарап акча которуу көлөмүн 100 миңден ашпасын деген чечим кабыл алып, ал да эмгек мигранттарына бир топ ыңгайсыздык жаратып жатканы маалым...
Ал эми Атамбаевдин тагдыры чечүүчү учурга жакындап калды. Ага эки жолу чакыруу кагазы берилди. Атамбаев өз эрки менен келүүдөн баш тартты. Эми аны күч менен алып келүү аргасы калууда. Атамбаев курал колдонуп, каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Орус президенти жаңжалды ырбатпай чечүүнүн бир жолун сунушташы ыткымал деген ой бар. Анткени Россия үчүн да Кыргызстанда туруктуулук болуп турганы пайдалуу.
Белгилеп кете турган нерсе, 10-июлда Жээнбеков Швейцарияда жүргөн мезгилде Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Москвада Дмитрий Медведев менен сүйлөшүү жүргүзүп жатты. Ташкент менен Москва соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууларды абдан өнүктүрүп жатканы белгилүү. Ал эмес өзбек тарап Москвадан Су-30 СМ аскерий учактарын, Ми-35М тик учагын, БТР 82А аскердик техникаларын сатып алууга кызыкдар болуп жатканы кабарланган.
Айданбек Акматов, журналист
Булак: NazarNews.kg