www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа өлкөлөрү мигранттардын агымынын жаралышына шартты өздөрү түзүп алышты. Россия лидери Владимир Путин бул туурасында Польша-Беларусь чек арасындагы качкындарга байланыштуу кырдаалга комментарий берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Буга алар өздөрү күнөөлүү. Саясий да, аскердик да, экономикалык да жагдайдан алып караганда эмне үчүн экенин айттым. Миңдеген, жүз миңдеген адамдын барганына өздөрү шарт түзүштү. Бул окуя боюнча жоопкерчиликти өздөрүнөн алыш үчүн эми кырдаалдын күнөөлүүлөрүн издеп жатышат", — деген мамлекет башчысы журналист Павел Зарубиндин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасында сүйлөп жатып.
Ал Россиянын бул кризиске эч кандай тиешеси жоктугун, ал эми өлкөнүн дарегине айтылып жаткан бардык кинелер көйгөйдү аларга оодара салуу аракети деп баалаган.
Президент европалык санкцияларга "Аэрофлоттун" кирип калуу мүмкүндүгүнө таң калган.
"Биздин "Аэрофлоттун" бул жерге кандай тиешеси бар? "Аэрофлоттун" же бир учагы кимдир бирөөлөрдү (качкындарды Беларуска) ташыдыбы? Бул боюнча түшүнүгүм жок, бирок кыязы, кимдир бирөөлөр кайсы бир учакты үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтүп кетиш үчүн колдонушу мүмкүн. Бирок бул жерде биздин эмне тиешебиз бар? Бул азыр болуп жаткан окуялар үчүн ала турган жоопкерчиликтен баш тартуу аракети экенин дагы бир жолу кайталап коеюн", —деген Путин.
Бул аптада көп сандагы качкындар, негизинин күрддөр Польшадан Евробиримдиктин аймагына өтүү үчүн Беларусь чек арасын көздөй агылган. Тосмонун алдына токтогон эки миңдей киши жайма лагерь кылып, Гродненск облусундагы "Брузги" өткөрүү жайына жакын жайгашкан. Польшалык чек арачылар киргизбей койгондо мигранттар күч менен тосмону жарып кирүүгө аракет кылган. Ал эми аскерлер көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Ал эми беларусь чек арачылары республиканы көздөй коңшу өлкө кишилерди күч менен чыгарып жатышканын айткан.
Беларус президенти Александр Лукашенко Минск элдин агымын Батыштын санкциясынан улам көпкө чейин кармап тура албастыгын, буга "акча да, күч да жок экендигин" билдирген.
Булак: NazarNews.kg