www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери пара опузалоого шектелүүдө, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы 13-ноябрда Аламүдүн РИИБдин 2 тергөөчүсүн кармашты. Алар алдамчылык боюнча козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн Н.Д. аттуу жарандан 70 миң сом талап кылышкан.

Г.М.Ш. жана Б.К.Н. аттуу тергөөчүлөр 10-ноябрда 70 миң сомду алышкан. Аталган сумма банк картасына которулган болчу. Андан соң Г.М.Ш. 12-ноябрда кылмыш ишти тергөөнү токтотуу тууралуу токтом чыгарган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) 1-бөлүгү менен катталган.

Г.М.Ш. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости