www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин коомдук тартипти сактоого, экстремизмге каршы күрөшүүгө жана мыйзамсыз миграцияны токтотууга басым жасоо боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу ал кечээ, 2-апрелде Ички иштер министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйынында билдирди.
“Коомдук тартипти камсыз кылуу, экстремизмге каршы күрөшүү, мыйзамсыз миграцияны токтотуу, жергиликтүү кызматтардын ишмердүүлүгү, ошондой эле ИИМдин уюшкан кылмыштуулукту зыянсыздандыруу боюнча ишмердүүлүгү сыяктуу приоритеттүү милдеттерге өзгөчө көңүл бурууну суранам”, - деди Путин.

Ал кошумчалагандай, Орусияда иштеген кылмыштуу синдикаттар көбүнчө чек арадан өтүп, чет элдик атайын кызматтар жана эл аралык радикал-экстремисттик уюмдардын эмиссарлары менен кызматташат.

“Ушул түрдөгү кылмыштуу топтор адам сатуу жана баңги аткезчилиги, ошондой эле финансылык кылмыштар жана киберкылмыштар менен да алектенишет”, - деди Путин.

Эсиңиздерге сала кетсек, визасыз режимди жокко чыгарууну Мамлекеттик Думадагы партиялык фракциянын лидери, “Адилеттүү Орусия – чындык үчүн” (“Справедливая Россия – за правду”) партиясынын төрагасы Сергей Миронов сунуштаган. Борбордук Азия өлкөлөрү менен. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Михаил Шеремет согуш маалында Орусияга мигранттардын кирүүсүн чектөө сунушун ортого салды. Орусиянын Ички иштер министрлиги миграциялык мыйзамдардын бир катар жоболорун күчөткөн мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости