www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын март айында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги канцеляриялар менен бирдикте РФнын аймагында убактылуу жүргөн КР жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү.

Элчиликтен маалымдашкандай, анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • РФ компетенттүү органдарына 22 жолу барды;
  • 57 КР жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду;
  • РФ сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 94 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
  • жеке кабыл алуунун жүрүшүндө 1197 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү;
  • КР жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 8 сот отурумуна катышуу ишке ашырылды;
  • РФда КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен 14 жолугушуу өткөрүлдү;
  • 4244 улуттук паспорт таризделип, берилди;
  • 1123 КРга кайтуу күбөлүгү таризделди;
  • маалымдама берүү менен 988 документ суралды;
  • 812 жеке идентификациялык номер берилди/өзгөртүлдү;
  • 172 нотариалдык иштер жасалды;
  • 141 айдоочу күбөлүк таризделди.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттеринин катышуусунда 14 иш-чара өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 7469 адамга консультация берилди, чат-бот аркылуу 1341 жаран керектүү маалымат алышты.

2024-жылдын март айында элчилик канцеляриялар менен бирдикте КР жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 18 миң 180 консулдук кызматтарды жана иш-аракеттерди көрсөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости